Кыргызстан төрт өлкө менен бажы тармагында ыкчам маалымат алмаша баштайт

Жакында Кыргызстан төрт өлкө менен бажы тармагында ыкчам маалымат алмаша баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Ал бажы процесстерин жөнөкөйлөштүрүү жана соода жүгүртүүнү ыңгайлаштыруу максатында Кыргызстан Өзбекстан менен ыкчам маалымат алмашуу боюнча макулдашканын билдирди.

“Жакында түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда дагы ыкчам маалымат алмашуу боюнча макулдашууга кол коюлганы турат. Кол коюу аземи Самаркандда болуп, ага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан катышат”, - дейт Исабеков.

Бажы кызматынын төрагасы 2015-жылдан бери Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык байланыш мамлекеттик эмес, бажылык деңгээлде жүрүп келгенин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан