Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министрлигине дайындалышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы, ошондой эле Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышачылыгынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин Улуу Британиянын өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан