Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев дыйкандардын маселесин көтөрдү.
"Дыйкандар жайлата канча деген мээнет менен өстүргөн картошкаларын сата албай отурат. Керек болсо мамлекет өзү баа коюп, сатып алсын. Дан өсүмдүктөрүн мөндүр уруп кеткен. Андан сырткары үрөнгө деп насыя алышкан. Бүгүнкү күндө ошол кредиттерин төлөп жатышат", - деди ал.
Түмөнбаев мындан сырткары Айыл чарба министрлиги жазында берген буудай үрөнүнүн түшүмдөрүнүн сапаты төмөн бааланып бир дагы тегирмен албай жатканын билдирди.