Президент Швециянын жаңы премьер-министрин кызматка дайындалышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Падышачылыгынын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

"Кыргыз Республикасы менен Швеция Падышачылыгынын ортосундагы мамилелер өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык тармактарда мындан ары бекемдеп, өнүгө берет деп терең ишенем", – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ульф Кристерссонго чың ден соолук жана мамлекеттик ишине зор ийгиликтерди, ал эми Швеция элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан