Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков кызматынан бошотулду. Бул туурасында мэриядан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп Жыргалбек Шамыралиев дайындалды. Ал мурда калаа башчысынын кеңешчиси болчу.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Белгилей өтсөк, Олег Попиков 2022-жылдын 20-майында аталган кызматка дайындалган.