Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

"Мындан улам “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизүү чечими кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга катар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан