Президенттин иш-чарада сүйлөгөн сөзүнүн тексти:
“Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана экс-депутаттары!
Урматтуу мекендештер!
Биз бүгүн биринчи кезекте Кыргыз ССРинин Жогорку Советин эстешибиз керек. Совет Өкмөтү урап калбаганда бүгүн биз Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин мааракесин өткөрмөкпүз. 1993-жылдан баштап Жогорку Советти биз Жогорку Кеңеш деп атап калдык.
Албетте, ал советтик Жогорку Кеңешти азыр кыйла сындасак болот. Депутаттардын укуктарын, милдетин, добуш берүүсүн, шайлоонун өткөрүлүшүн сындай алабыз. Бирок ошол Жогорку Кеңеш азыркы өз алдынча, эгемендүү мамлекеттин саясий пайдубалын курууга, саясий маданиятын түзүүгө зор салымын кошкон. Ошондогу Жогорку Кеңештин депутаттарынан азыр деле көп нерсе үйрөнсө болот. Жоопкерчиликти, адамгерчиликти, тазалыкты.
Шайлоо формалдуу болгону менен, депутаттыкка талапкерлерди тандоо өзгөчө кылдат жана таза болчу. Парламентке элибиздин эң көрүнүктүү өкүлдөрү шайланчу. Суктансак болот.
Бекеринен эмес, элибизде Совет доорунун акыркы жылдары шайланган Жогорку Кеңештин акыркы курамы “легендарлуу парламент” деп аталган.
Урматтуу мекендештер!
Азыркы Жогорку Кеңешке Баш мыйзам боюнча өзгөчө көп укуктар ыйгарылып, биз парламенттик системди курууга багыт алдык. Жогорку Кеңеш иштеп жаткан үч жыл аралыгында бир топ маанилүү мыйзамдарды кабыл алды. Депутаттар зор тажрыйба топтоп жатканын көрүп жатабыз. Парламент үч жылдын ичинде үч башкаруучу коалиция жана үч өкмөт түздү. Бардык актуалдуу маселелер боюнча курч талкуулар өтүп жатат.
Бирок ошол эле учурда парламентте талкууланган маселелер ашкере саясатташып кетиши элибиздин нааразычылыгын жаратып жатат. Чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш өз укугун жана өз жоопкерчилигин таразалабаганы байкалууда. Айрыкча өкмөт менен иш алып барууда ушундай көрүнүш байкалат.
Парламент өз укуктарынын чегинен чыгууга, өкмөттүн, тергөө жана сот органдарынын милдеттерин тартып алууга багытталган аракеттерге жол бербеш керек. Адамзат топтогон тажрыйба көрсөткөндөй, бийлик канчалык көп болсо, жоопкерчилик ошончолук зор болууга тийиш. Башка жол жок. Бийлик талашуу, популизм, куру кыйкырык акыры жакшылыкка алып келбейт.
Урматтуу депутаттар!
Элибиз Жогорку Кеңештин ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Эми депутаттардан туура чечимдерди, жоопкерчиликтүү кадамдарды күтүүгө толук укуктуу. Элдин талабы ушул. Мезгил талабы ушул! Муну эстен чыгарбайлы!
Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!
Сөзүмдүн соңунда бардыгыңыздарды парламентибиздин 75 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай каалайм! Кудай элибизге биримдик, жерибизге береке берсин!”