Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди. Анын жетекчиси болуп президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов дайындалды.
"Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.