Бишкек шаарында үй-жайы жок көчөдө калгандар үчүн баш калкалоочу жай уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1-ноябрдан тарта үч райондо - Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды.
Октябрь районунун аймагында, тагыраагы 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 82 адамга ылайыкталган жай пайда болду. Ал 330 чарчы метр аянтка ачылган.
Ал эми Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан.
Биринчи Май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу №423 дарегинде 70 орунга эсептелген "Коломто" муниципалдык ишканасы иштейт.
Ошол эле учурда коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери ар дайым нөөмөттө болушат.