Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка камалды

Бүгүн, 4-ноябрга караган түнү журналист Санрабия Сатыбалдиева камалды. Журналист менен кошо оператору Калыс Аширбеков да кармалган. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова Фейсбук баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген.

Анын колунда 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.

Санрабия Сатыбалдиева "Мир24" сайтында иштейт.

Ал эми Ички иштер министрлиги Санрабия Сатыбалдиева акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.

Журналист кечээ, 3-ноябрда системалуу түрдө опузалап акча талап кылган бир катар адамдар 2000 доллар которгон учурда пара менен кармалган. Сатыбалдиева аларды мындан бир нече жыл мурда жазылган аудиону жарыялоо менен шантаж кылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
u02u02
2022-11-04 11:48:00
Шантаж кылып жатканда ушул Азизалар айтып койсо коой 2 жашар кызын бар кош бойлуусун камап койсо Ден соолугуна зыян деп. Кылгылыкты кылып койгондон кийин козу карынга окшоп чыга калат. Кокуй бул аял киши баласы бар чыканактай кызды камап салды деп.
-2
Antiradikal11
2022-11-06 23:04:00
Ташиевдер подстава кылып оч алып жатышат........
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан