Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 2-ноябрда Өзгөн районунун Куршаб айылынын 37 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын 29-октябрында 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ак түстөгү спорттук кофта, кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, ак жуумал, чачы кара, узун, кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичинекей калы бар.

“Диана Маматкалилова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшуңуздарды суранабыз: Тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93”, - деп белгилешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан