Ысык-Көлдө апасы каза болгон 5-класстын окуучусунун атасына издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта 28-сентябрда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы А.Абдрахманов атындагы орто мектебинин социалдык педагогу социалдык тармактар аркылуу Алмазбек Аралбаевге издөө салганы айтылат.
Белгилүү болгондой, Алмазбек Аралбаев 2018-жылы Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына келген, андан соң 2019-жылы Орусиянын Москва шаарына иштөөгө кеткен.
“Ошол бойдон азыркыга чейин дайыны жок”, - деп билдирди Алмазбек Аралбаевдин агасы Канатбек Аралбаев.
Издөө иштеринин жүрүшүндө Алмазбек Аралбаев ушул жылдын 31-майында Орусиядан Кыргызстанга учуп келгендиги аныкталган. Бирок бүгүнкү күндө анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой жатат.
Милиция Алмазбек Аралбаевдин жүргөн жерин же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, Ысык-Көл РИИБге же 102 жана 0505 233 322 номурларына кабарлап коюуну суранат.