Кыргызстанда 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48 пайызга азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12 пайызга, алдамчылыктар 23 пайызга, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18 пайызга төмөндөдү. Жол кырсыктары болсо 8 пайызга азайып, каза болгондор 21 пайызга, жаракат алгандар 5 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясынынын жыйынында айтылды.
Мындан сырткары быйыл 36 миң 696 кылмыш козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң 124 кылмыш иши жиберилгени маалым болду.
9 айда өлкө боюнча 36 миң 696 кылмыш иш козголгон. Анын 34 миң 226сы ички иштер органдары тарабынан ачылган.
Өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 43 миң 159 кылмыш катталган.
"Элдин чакырууларына ыкчам чыгып, муктаж болгон жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукту жана укук бузууларды аныктап, алдын алуу боюнча жыл башынан бери 125 автоунаа, 140тан ашык байланыш каражатын, 200дөн ашык орг.техника, учкучсуз учуучу жана дрон аппараттарын алып, ишке киргиздик", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ошондой эле заманбап ишмердиктин натыйжасында 9 айда өндүрүштө турган кылмыштардын бетин ачуу 12 пайызга жакшырган.
"Милицияга жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча дагы кошумча 10 программаны ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип жатабыз. Жалпылап айтканда 9 айда аткарылган иш-чаралар - элдин коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, жаңы метод менен ишмердүүлүк алып барууга арналды”, - деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.