Президент бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-ноябрда Кыргызстанда аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушуу болду.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, ошондой эле сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып бараарын, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап - учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо жана аткаруу экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчилер мамлекет башчысына жолугуп, тараптарды жана коомчулукту тынчсыздандырган бардык актуалдуу маселелерди кеңири талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти, бул кыргыз бийлигинин ачык диалог жүргүзүүгө даяр экендигинен кабар берет.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча сөз эркиндиги жана демократия боюнча региондогу лидер бойдон калып жатканын белгилешти.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга токтолуп, эл аралык уюмдар жана журналисттер менен биргеликте Баткен облусундагы талкаланган социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышып, каргашалуу окуянын масштабына кейигендерин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелер боюнча активдүү диалогго даяр экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан