“Ата Мекен” фракциясы Эсептөө палатасынын 2012-жылга отчётун кабыл алды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 6-декабрдагы жыйынында КРнын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулду. Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова өткөн жылы 1734 мамлекеттик мекеменин каржылык иши текшерилгенин билдирди. Текшерүү жыйынтыгында 3 миллиард 568 миллион сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, анын 2 миллиард 925 миллион сому кайра кайтарылды. Андан сырткары 5 миллиард 89 миллион сом өлчөмүндөгү каржы кору жана бюджеттик жоготуулар табылды.  

Эсептөө палатасынын төрайымынын айтымында, 1 миллиард 122 миллион сом же кайра кайтарыла турган каражаттын 38,4 пайызы гана ордуна коюлду. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогору. Калган каражатты кайтарып алуу чаралары көрүлүп жатат.

Талкуу жыйынтыгында КРнын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө маалыматын эске алуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан