Биринчи Элдик курултайга Баткен облусунан 71 делегат шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, Баткен облусунун аймагындагы 31 айыл өкмөттө, 3 облустук жана 3 райондук маанидеги шаарда жергиликтүү курултайлар жыйынтыкталды. 71 делегат бүгүн курултайга чогулган эл тарабынан шайланып, Республикалык курултайда элдин үнүн өлкө башчысына жеткире турган болду.
Жыйындарда делегаттар аймактардын бир катар көйгөйлөрүн талкуулап, негизги делген үч маселени тандап алышты. Негизинен таза суу, сугат суу, жерлерди которуу (трансформациялоо), социалдык объектилерди куруу, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана башка маселелер сунушталды.
Жергиликтүү курултайдын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагында укук бузуулар катталган жок.