Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Ардактуу кесиптештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сөз эркиндиги – мамлекетибиздин негизги жетишкендиктеринин бири экендиги талашсыз чындык. Бүгүнкү илимий-технология өтө тездик менен өнүгүп жаткан заманда коомчулукка так жана ыкчам маалымат жеткирүүнүн маани-маңызы артып, жоопкерчилиги да жогорулоодо.
Урматтуу журналисттер!
Мен көптөгөн жылдар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп келген кесиптешиңиздер катары сиздердин журналисттик ишмердүүлүгүңүздөр канчалык түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экенин жакшы билем. Андыктан мындай ары татаал, ары сыймыктуу милдетти таланттуу, өз ишин сүйгөн адистер гана аркалай ала турганына ишенем!
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери элге ачык-айкын, так маалымат жеткирүү менен бирге коомдо агартуучулук милдетти да аткарып, жалпы пикирди жаратууда таасири күчтүү. Андыктан ар дайым тастыкталган маалыматты жарыялоо журналисттердин негизги милдети экендигин эч качан унутпайлы!
Кымбаттуу кесиптештер!
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө ынтымак, бардар жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге ар дайым жакшылыктардын жарчысы болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин!", - деп айтылат төраганын куттуктоосунда.