6-декабрда Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган адабий кароо-сынак болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы бардык медицина мекемелери, уюмдар, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалдары, тиш дарыгерлер клиникасы жана балдар үйүнүн кызматкерлери катышты. Аталган иш-чара Ош шаардык мэриясынын Чыңгыз Айтматовдун бир айлыгына жарыяланган токтомунун негизинде уюштурулду.
Катышуучулар атайын маалыматтык бурчтарды чыгарышып, сүрөт көргөзмө уюштуруп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп, театрлаштырылган көрүнүш тартууланды. Медицина кызматкерлеринин арасында мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын шаардык мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Эркайым Маматкерим кызы белгиледи.