Таалатбек Масадыков Кабулга иш сапары менен барды

6-ноябрда президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Ооганстандын Кабул шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кабарлангандай, иш сапардын алкагында Масадыков Ооганстандын де-факто бийлигинин башкармалыгы менен жолугушууларды өткөрдү.

"Сапардын жүрүшүндө АИЭнин биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдулом Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул-Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен жолугушуулар болуп өттү.

Анда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча жана транспорттук жолдорду жана ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-11-09 11:32:00
Кантип? Качан? Канча кг? Кайсыл жерден наркотик алып отууну суйлошуудон болок суйлошо турган создун озу жок бул ит уруктар менен.Каяктагы соода сатык наркотик соода сатыгы башка балее дагы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан