Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 9-ноябрда өлкө аймактарында жамгыр жаайт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … +3, күндүз +3 … +8,
Талас облусунда түнкүсүн 0 … -5 , күндүз 0 … +5,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1 … +4, күндүз +3 … +8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 … +3, күндүз +3 … +8,
Нарында түнкүсүн -3 … -8 , күндүз -3 … +2.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … -2 , күндүз +6 … +8.