Бүгүн, 8-ноябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлунун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Маалыматты министрликтен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин басма сөз кызматы, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.
ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташууга чоң маани берет.
"Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү - экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат", - деди Улан Ниязбеков.
Түркиянын ИИМинин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.