Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөдө 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу Төө-Ашууда, Ала-Белде жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Андыктан жолго чыкканда айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы зарыл. Унаада күрөк, дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алууну унутпаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык катталган же жардамга муктаж болгон учурда 112 кызматына чалуу керектиги маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан