Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Кыргызстанга болгон иш сапарында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда министр Бообек Ажикеев эл аралык кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
"Ал биргелешкен кызматташууда ӨКМнын адистерин тоодо куткарууга, издөө иштерине окутуу жана түрк куткаруучулары менен тажрыйба алмашууга жол ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын, биргелешип иш алпаруунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду", - деп айтылат маалыматта.
Түркиянын ИИМинин башчысы Бообек Ажикеевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.