Бельгиялык жаран кыргыз кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алды

Ош шаарында Альберто Вотир аттуу бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик жаран кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек Токтомушовго келишкен.

"Мирланбек Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди. Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samina007
2022-11-08 19:07:00
Аллаа ыраазы болсун. Аллахга чексиз мактоолор болсун. Аллах ыйык .
0
orun
2022-11-08 22:55:00
Маашалла, соонун жаңылык. Субханаллах!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан