Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында кышкы туризм боюнча алдынкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу маалымат кечээ, 7-ноябрда ТурСтатын сайтында жарыяланды.
Маалыматтык система КМШнын кышкы туризм жана эс алуу боюнча туристтер арасында эң популярдуу өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштады. Андагы маалыматка караганда, КМШнын алдынкы беш өлкөсүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирет.
Туристтерди кышында Кыргызстанда Бишкек жана Каракол шаарларындагы лыжа базалары, ошондой эле Ысык-Көл кызыктырары айтылат.