6-декабрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинин ачылгандыгынын 10 жылдыгына карата окуу жай аймагына 10 түп арча көчөтү отургузулду. Көчөттөр факультеттин өсүп-өнүгүүсүнө бирге күбө болсун деген тилек менен окуу жай жетекчилиги аруу тилектерин, каалоолорун айтышты. Бул иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата 12-декабрь күнү боло турган чоң салтанатта да улантылмакчы. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.