Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

"Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту", - деп айтылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан