Алматы шаарындагы Казак улуттук университетинде Казакстандын эл жазуучусу, коомдук ишмер Шерхан Муртазанын 90 жылдыгына арналган "Жаңы Казакстан жана Шерхан Муртазанын чыгармачылыгындагы адилеттүү коом идеясы" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, иш-чарага илимий коомчулуктун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, бир катар университеттердин профессор-окутуучулары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Анда Шерхан Муртазанын адабият менен публицистиканын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымы жана анын адабий мурасынын жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоого тийгизген таасири эскерилгени айтылат.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Аль-Фараби атындагы КазМУнун журналистика факультетинде Шерхан Муртаза атындагы заманбап технология менен жабдылган аудиториянын ачылыш аземи болду.
Шерхан Муртаза 1932-жылы 28-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ал көптөгөн романдардын, аңгемелердин, пьесалардын автору. Көрүнүктүү казак жазуучусунун чыгармалары дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган. Эл жазуучусу "Казак адабияты", "Социалисттик Казакстан" гезиттеринин башкы редактору болуп эмгектенген. Ошондой эле Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты болгон. Ал 2018-жылдын 9-октябрында 86 жаш курагында дүйнө салган.