
Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырым бөлүгүндө
(Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, мындай чектөө бүгүн, 9-ноябрда эртең мененки саат 7:45тен баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында коюлган.
"Чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин болот. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталды.