Гүлнара Журабаева камакта калтырылды

БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын жактоочусунун апелляциялык арызы бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Гүлнара Журабаеваны 20-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

"Бишкек шаардык соту Ж.Г.Кга карата соттук материалдарды карады. Ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өзгөртүүсүз калтырылды", - деп билдиришти шаардык соттон.

Эске салсак, 23-октябрда ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-11-09 11:26:00
Короор кунунон гөрү жакын экен кысчуу жерин кысып журсо болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан