Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган "Жаштар жумалыгы" өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш-чара Кыргызстандын Жаштар күнүнө карата өткөрүлүүдө. Жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулуп жатат.
Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлөт.
Белгилей өтсөк, жумалык 12-ноябрга чейин уланмакчы.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү жыл сайын белгиленүүчү майрам катары бекитилген.