Бүгүн, 9-ноябрда Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо жана элдин жашоо шартын жакшыртуу саясаты кынтыксыз аткарылышы зарыл", - деди атайын кызматтын төрагасы.
Жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү кошумчаланды.