
Ош шаарында кышында жолдорго чачууга 112 тонна техникалык туз даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ош шаарынын мэриясында өткөн жыйында белгилүү болду.
Жыйынга вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, адистештирилген коммуналдык жана жол чарба ишканаларынын, кызматтарынын жетекчилери катышты.
Белгилей өтсөк, Ош шаарындагы жолдорду кыш мезгилинде Ош шаардык жолдор башкармалыгы, "Ош-Тазалык", "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" ишканалары кардан тазалайт.
Учурда бул ишканалар 112 тонна техникалык туз даярдашкан. 18 даана атайын техника толугу менен ишке даяр. Жакынкы аралыкта кошумча 200 тонна техникалык туз сатып алынары маалымдалды.