Калипа Таштановага "Эң мыкты актриса" сыйлыгы тапшырылды

Түркияда өткөн "Коркут Ата" кинофестивалында "Эң мыкты актриса" сыйлыгына ээ болгон Калипа Таштановага кинофестивалдын статуэткасы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Актрисага кинофестивалдын статуэткасын маданият министри Алтынбек Максутов тапшырды. Ал фестивалга катышкан "Үй сатылат" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган.
Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги таланттуу чыгармачыл жаштарга мыкты мотивация берип, кинофестиваль жалпы түрк дүйнөсүнүн киночуларынын башын бириктирген мыкты аянтчага айланып жатканын баса белгиледи.
Аталган кинофестивалга жалпы 17 мамлекеттен киночулар катышып, отузга жакын толук метраждуу жана документалдуу фильмдер сынакка ат салышкан. Фестивалдын калыстар тобуна Кыргызстандан белгилүү кино режиссёр Темир Бирназаров кирген.
Эске салсак, Калипа Таштанова Түркия мамлекетине барбагандыктан сыйлыкты сахнада тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев алганын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан