Өлкө башчы Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарык техникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда президенттин администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды бир булактан методу менен "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан түздөн-түз сатып алууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарды белгилөө тапшырылат", - деп жазылат билдирүүдө.
Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан сатып алуу сунушталары кошумчаланды.