Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Франциянын ири мамлекеттик энергетикалык компаниясы “Электрисите дэ Франстын” аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташтыктын келечеги, инвестициялоо, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы “жашыл экономиканы өнүктүрүү” сыяктуу республика үчүн маанилүү багытта кызматташтыкка кызыгуусу жана ниети үчүн компания өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз тарап ата мекендик энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн кошумча шарттарды түзүү маселесин карап чыгууга даярдыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын франциялык инвесторлор менен активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.
Беатрис Бюффон жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө гидроэнергетика тармагында иш алып барган “Электрисите де Франс” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле француз ишканасы Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирип, компания өзүнүн тажрыйбасын колдонууга ниеттенип жатканын жана долбоорлорго биргелешип инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.