Валентина Шевченко Жаза аткаруу кызматынын кызматкери менен лезгинка бийледи (видео)

UFC чемпиону Валентина Шевченко Жаза аткаруу кызматынын кызматкери менен лезгинка бийледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпион машыктыруучу Павел Федотов жана анын командасынын мүчөлөрү менен биргеликте ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери менен жолугушту.

Алар анда департаменттин спорттук объектилерин, №7412 аскер бөлүгүнүн музейин көрүп чыгышты. Ошондой эле бөлүктүн өздүк курамы жана офицерлер менен кеңири масштабдагы жолугушуу уюштурулду.
Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчиси, полковник Улан Бердикожоев Павел Федотов менен Валентина Шевченкого мекеменин "Кадыр" медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.
"Шевченко сахнадан өзүнүн лезгинкасын бийлеп, көрүүчүлөр аны дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту. Ал өзүнүн мега-жылдыз статусуна карабай жөнөкөй, сүйкүмдүү жана ачык-айкын адам бойдон экенин дагы бир жолу көрсөттү", - деп жазылат билдирүүдө.
Видео: ЖАКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан