Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда өлкөнүн жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады.
Анда өлкө башчысы жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролуна токтолуп, аларды ар тараптуу колдоого даяр экенин баса белгиледи.
"Урматтуу жаш муун өкүлдөрү!
Силерди Жаштар күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Дүйнө жүзү ушунчалык тез ыргакта өнүгүп, технология, инновация жана башка тармактарда күнүгө болуп жаткан жаңылануулар, өзгөрүүлөр менен кошо жаңы чакырыктар да чыгып жаткан маал. Мына ушундай кырдаалда Кыргызстандын жаштары улуттук кызыкчылыкты алдыга коюп, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бир максатты көздөп, ар тараптуу далалат кылып жаткандыгы кубандырат!
Жаштар биздин негизги таянычыбыз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем. Кечээ жакындагы Баткен окуяларында жаштыгын Мекен чегине арнап, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн аябаган жоокерлерибиздин эрдиктери эч качан унутулбайт. Дегеле, өлкө башына кандай кыйынчылык түшпөсүн, Ата Мекендин “жеңилин жерден, оорун колдон алган” жаштарыбыз четтен чыгат. Дүйнөнү каптаган коронавирус апаатында, Баткендеги куралдуу кагылыштарда социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө жана өлкөнүн башына түшкөн башка мүшкүл иштерде биздин жаштарыбыз кыргыз элине арка-бел болуп беришти. Мындай жаштары бар кыргыз эли эч качан башын жерге салбайт!
Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга кол сунган жигердүү жаштарды мамлекет ар дайым кучак жайып тосуп алат. Себеби адам ресурстарына инвестиция жасоо — биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Мына ошондуктан мамлекет жаштарды колдоого багытталган аракеттерди жасап келет. Жаштар күнү уюшулгандан тартып, 20 жылдын ичинде өлкөдө жаш кыргызстандыктарды өнүктүрүү боюнча программалар, стратегиялар кабыл алынып, ишке ашырылууда. Ушу тапта мамлекет жаштар саясатын жактап, эң алды менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаштар элибиздин үмүтү менен ишеничине айланды. Бизде спорт, маданият, билим-илим жаатында мекенибиздин желегин желбиретип, дүйнө жүзүнө тааныткан улан-кыздарыбыз арбын. Ошону менен бирге биздин жаш муундун өкүлдөрү ар түрдүү долбоорлорго катышып, ийгиликтерди жаратып, учурдун бардык чакырыктарына жооп берип жатышкандыктарын белгилөө өзгөчө жагымдуу.
Мындай жаштардын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү – мамлекеттин бирден-бир милдети. Ошол себептен таланттуу жаш муун өкүлдөрүнө чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана дем берүү максатында жаңы муундун адистерин даярдоо боюнча “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулган.
Урматтуу достор!
Дагы бир жолу майрамыңар кут болсун!
Биз ар кандай кыйынчылыктарды чын ниет, талыкпас мээнет менен жеңе билген асыл жаштарыбыз, билимдүү, жигердүү уул-кыздарыбыз – силер менен бирге алга карай умтулабыз!
Ата Мекен үчүн силерде ар дайым жалындаган жаштык жигер, курч мүнөз, таза жүрөк, өжөр эмгек болсун! Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жаңы идеялар, жакшы демилгелер менен турмуш агымын жиреп кете бериңиздер!
Силерге ийгиликтерди каалайм!", - деп айтылат куттуктоодо.
Маалымат үчүн: Жыл сайын 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленет. 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Англиянын Лондон шаарында жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы (World Federation of Democratic Youth, WFDY) түзүлөт. Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү ушул окуянын урматына майрамдардын катарына кошулуп калган.
Ал эми демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү демилгесин Дүйнөлүк жаштар кеңеши көтөрүп чыккан. Аталган кеңеш Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашизм менен күрөшүү үчүн түптөлгөн. 1945-жылы өткөн демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясына 63 улуттан ар кайсы диндеги 30 миллиондон ашык жаштар катышкан. Бул майрамдан тышкары жаштар жыл сайын 12-августта Эл аралык жаштар күнүн белгилешет. Ал күндү майрамдардын катарына Бириккен Улуттар Уюму кошкон.