Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырым бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды.
"Кыргызавтожол" ишканасы билдиргендей, учурда жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталды.
Белгилесек, кечээ, 9-ноябрда Төө-Ашууда жана "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан