Бишкектеги №65 мектеп онлайн окууга өттү. Себеби?

Бишкек шаарындагы №65 мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авариялык кырдаалдан улам шаардагы бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулган.

"Шаардагы №65 жана №39 мектептерде, №173 жана №75 бала бакчаларда жылуулук жок.

Билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Буга байланыштуу аталган уюмдарга жылуулук берүү токтотулган", - деп билдиришти мэриядан.

Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү.

Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан