Борбор калаада жаштарды спортко үндөгөн иш-чара болуп өттү (фото)

Бишкекте жаштар жумалыгынын алкагында "Дени сак жаштар – өлкөнүн келечеги" аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул жөнүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан кабарланды.

Маалымдалгандай, иш-чара кечээ, 9-ноябрда "Билимкана" мектебинин спорттук залында өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Иш-чаранын максаты - жаштар арасында жигердүү жашоо образын жаратуу, дене тарбия жана спортту жайылтуу, дене-бойду чыңдап, ден соолукка туура кам көрүү болуп саналат.

Мындан тышкары жумалыктын алкагында маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Кокулов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда секторлор аралык тегерек стол болуп өттү.

Анда жаштар арасында чылымга болгон көз карандылыкка бөгөт коюу, калктын жаш катмарын тамеки тартууга каршы күрөшүүгө үндөө, чылым чегүүнүн алдын алуу жана ден соолукка тийгизген зыяндуу таасири жөнүндө коомчулукка маалымдоо айтылды.

Белгилей кетсек, министрлик мындай иш-чараны биринчи жолу өткөрүүдө. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Тонус" коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.

Маалымат үчүн: Жаштар жумалыгы 12-ноябрга чейин уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан