Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын сууктагандыгына байланыштуу үй-жайсыз жарандарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү максатында Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулган.

"Убактылуу баш калкалоочу жай мурунку жашылдандыруу комбинатынын аймагында Фере, 34А дарегинде жайгашкан. Имаратта оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчүлөр сатылып алынган. Муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келе алышат же аларды укук коргоо кызматкерлери жана Тез жардам кызматкерлери жеткиришет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (Тез жардам) телефондоруна чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болору жана зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан