Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Айдит Эркин дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Муктар Жумалиев аркалаган. Ал 2022-жылдын июнь айында кызматынан бошотулган.