Кытайдын билим берүү фонду Кыргызстандын жарандары үчүн 23 стипендия бөлдү

Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стипендия 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча бөлүнгөн.

"Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 10-декабрь саат 23:59га чейин жүктөшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан