Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 миллион 75 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрга карата финансы-кредиттик уюмдарга 433 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 миллион 75 миң сомдук 274 насыя жоюлуп, 122 насыя реструктуризацияланган.