Бишкектеги Ак-Ордо конушунда үч кабаттуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушундагы №102 орто мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, мектептин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Үч кабаттуу имарат 750 окуучуга ылайыкталган. Мектептин жалпы аянты 5 766 чарчы метрди, жердин аянты 2,4 гектарды түзөт.

Окуу имаратында негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан