Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык жардам көрсөтүлүүдө

Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган багар-көрөөрү жок карыялар, жалгыз бой энелер, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз медициналык кароо жүгүзүлүүдө.

"Иш-чара 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтүп жатат. Эки күн аралыгында эле Жалал-Абад шаардык Социалдык дарылоо реабилитациялык борборунун дарыгерлери тарабынан УЗИ аппараты аркылуу 100 жаран текшерүүдөн өткөрүлүп, дарыгерлер тарабынан кеңештер берилди", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, карыларга жана мүкүнчүлүгү чектелген жарандарды камкордукка алуу боюнча бир айлык жарыяланган. Мындан сырткары "Баарлашуу жээги" уюштурулган. Ал жерде карылар бири-бири менен баарлашып, түрдүү жумуштар менен алектене алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан