Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, бүгүн, 12-ноябрда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 … -5, күндүз 7 … 12
Талас облусунда түнкүсүн 0 … -5 , күндүз 6 … 11,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз 10 … +15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз 4 … 9,
Нарында түнкүсүн -11 … -16 , күндүз -1 … +4,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2 … -4 , күндүз 8 … 10.