Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев 7 жаранга “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы №52 токтому менен 2021-жылга "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылды:
Аматов Рысбай - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Жумабаев Буркан - Кыргыз Республикасынын байланыш тармагына эмгек сиңирген ишмер, "Кыргыз Республикасынын байланыш ардагерлери" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Исмаилов Сайдахмат - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин "Ишеним" фракциясынын лидери;
Малаев Нимат - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Мамлекеттик тез жардам клиникалык ооруканасынын шаардык ЛОР - бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу;
Мусаев Абдулда– Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору;
Сариев Таалайбек - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Эргешов Казыбек – Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери.
Борбор калаанын мэриясы сыйлык ээлерин куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.