Жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү жерге берилди

Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү бүгүн, 12-ноябрда жерге берилди. Бул тууралуу ырчынын сахналаш достору билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө өттү.

Белгилүү болгондой, кырсык 10-ноябрда саат 22:35 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу У уулу Т күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан